«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 75 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районундагы Көк-Ойрок айылдык кеңешинин жана Жайыл районундагы Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн – көп мандаттуу
3 шайлоо округу, Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округу түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго ылайык 11 талапкер – Көк-Ойрок айылдык кеңешинин, 11 талапкер Полтавка айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланды.
Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарынын, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 40-беренесиндеги 4-бөлүктүн, 62-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 26-майындагы Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.
2. 2013-жылдын 26-майындагы Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну
№ 103
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 4-июнундагы
№ 103 токтомунун
тиркемеси
Чүй облусунун жергиликтүү кеңештерине
шайланган депутаттардын тизмеси
Кемин району
Көк-Ойрок айылдык кеңеши
|
Карагулов Улан Айтбекович |
434 |
|
|
Абдралиев Мирбек Сулайманович |
428 |
|
|
Зарлыков Тилек Онолдукович |
410 |
|
|
Чудумбаев Мирланбек Жакшылыкович |
406 |
|
|
Осмонов Аман Рашанбекович |
295 |
|
|
Сапаев Рыспек Абасканович |
271 |
|
|
Абдрахманов Талант Абасканович |
234 |
|
|
Дуйшогулов Майрамбек Орналиевич |
222 |
|
|
Исмаилов Таалайбек Муслимович |
201 |
|
|
10. |
Тентимишов Саткынбек |
191 |
|
11. |
Жамашов Жаныбек Топович |
183 |
Жайыл району
Полтавка айылдык кеңеши
|
1. |
Абдылдаев Эрнис Мырзахматович |
257 |
|
2. |
Айдыралиев Нурбек Акматович |
230 |
|
3. |
Джуматаев Муразбек Базарбекович |
216 |
|
4. |
Озеров Нуржан Маликович |
203 |
|
Сатывалдиев Виктор Кадырбекович |
152 |
|
|
Макишев Нурланбек Асылбекович |
146 |
|
|
Мамбеталиев Нурдин Ракимбаевич |
130 |
|
|
Азаматов Чыныбек Абылтаевич |
122 |
|
|
Джунусов Марстилек Кайыркулович |
117 |
|
|
10. |
Копосбаева Махабат Муканбетовна |
113 |
|
11. |
Туктубаев Акылбек Асылбекович |
102 |