14.12.2020 №466 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу максатында, “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43 – беренесинин 5-пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 13-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун жүрүшүндө “макул” жана “каршы” топтордун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы банк мекемелери болуп аныкталсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Г.М. Баатыровага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 14 – декабры
№ 466