БШКнын курамы
Шайназаров Тынчтык Урайимович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
1974-жылы 27-февралда, Ош облусунун, Кара-Суу районунун, Мады айылында туулган.
1991-жылы Ош шаарындагы №7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. 1991-1996 ж.ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “Укук таануу” адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
3.06.2026 -жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
10.02.2025-жылы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
2021-2025-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2020-2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2015-2020-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты;
2010-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;
2009-2010-жылдары – Жалал-Абад шаарынын прокурору;
2007-2009-жылдары – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы;
2004-2007-жылдары – Ош шаардык прокуратурасынын кылмыштарды тергөө боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
1999-2004-жылдары – Ош облусунун прокуратурасынын ага-тергөөчүсү, прокурору;
1997-1999- жылдары – Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын ага-тергөөчүсү;
1996-1997- жылдары – Чоң-Алай районунун прокуратурасынын мөөнөткер-тергөөчүсү”.
Ардактуу наамы – Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген” юристи.
Класстык чини – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы;
“КМШ ПАА 25 жыл” медалы.
ТүркПА медалы.
“Юстициянын мыктысы” медалы.
Лурова Лейла Хияновна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
1968-жылы 28-октябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган. 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетин экономика бөлүмүнүн “Дүң соода жана материалдык-техникалык камсыздоо” адистигин, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын “Эл аралык мамилелер” адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2021-2025 – жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин орун басары);
2012-2016 – жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты;
1998-жылы – “ЛБС Милк Продакшн” ЖЧКсынын директору;
1992-1993 – жылдары “Адылов жана компания” соода үйүнүн кызматкери;
1989-1992 – жылдары “Кыргыз дан азыктары жана даярдоо” мамлекеттик ишканасынын пландоо-экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
1988-1989 – жылдары Бүткүл союздук илим-изилдөө долбоорлоо институтунун Статистикалык маалымат мекемесине караштуу Кыргыз ССР Соода министрлигинин дүң соода базаларын тейлөөдө техник-конструктору.
1986-жылы – Кыргыз керектөөчүлөр коомунун союзу, кенже адис.
Сыйлыктары:
КР Президентинин Ардак грамотасы (2023)
КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2023)
ЖККУда парламенттик кызматташтыкты чыңдоо үчүн медалы (2023)
Каржы министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы (2023)
Юбилейлик медалдар: КР ЖКнын 85 жылдыгы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы, КР милициясынын 100 жылдыгы, КР Конституциясынын 30 жылдыгы
КР ЖКнын мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медалы (2025)
КР Омбудсменинин «Акыйкат» медалы
Жакышов Русланбек Шергазиевич
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
1974-жылы 19-мартта Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Таш-Кудук айылында туулган.
2013-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетин инженер-механик адистигин, 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2021-2025-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары);
2017-2021-жылдары – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты, 2018-жылдан баштап 2021-жылдын сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
2016-2017-жылдары – Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты;
2013-2015-жылдары – Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2013-жылдын январь-апрель айларында – “КОМПАС-Транс” ЖЧКнын Башкы директору;
2011-2013-жылдары – ЖЧК “АИИД-Сервис” фирмасында директордун орун басары;
2010-2011-жылдары – Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын КТП бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2005-2010-жылдары – ОАО “Ак-Жолтой” мекемесинин кызматкери;
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Армиясында жоокердик милдетин аткарган.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин грамотасы;
Бишкек шаардык кеңешинин грамотасы;
КР УКМКнын медалы;
КР ИИМдин медалы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын медалы
Класстык чини: Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
Мамырова Бөдөш Аманбаевна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1957-жылы 14-июлда Ош облусунун, Алай районунун, Бүлөлү айылында туулган.
1983-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агроном адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2010-2015-жылдары – Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;
2010-жылы (апрель) – Убактылуу Өкмөттүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министринин милдетин аткаруучу;
2008-2010-жылдары – “Табият” экологиялык кыймылынын менеджери;
2001–2005-жылдары – “Азем” аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси;
1999-ж. – «Ар-Намыс» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору, кийин партия төрагасынын орун басары.
1995–1996-жылдары – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ботаникалык багында кенже илимий кызматкер, кийин илимий кызматкер;
1992–1995-жылдары– ассистент, Кыргыз айыл чарба институтунун “Жашылча-жемиш өндүрүү жана кайра иштетүү” кафедрасы;
1991-жылы –Кыргыз ССР Географиялык коомунда илимий катчы;
1988-жылы – айыл чарба илим-изилдөө институтунда илимий кызматкер;
1986-жылы – айыл чарба илим-изилдөө институтунда агроном, кийин улук агроном;
1985-жылы – айыл чарба илим-изилдөө институтунда улук лаборант;
1984-жылы – Кыргыз ССР айыл чарба илим-изилдөө институтунда лаборант
Сыйлыктары: «Даңк» ордени
Айыл чарбасынын отличниги.
Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1960-жылы 8-апрелде Нарын облусунун, Нарын шаарында туулган.
Билими жогорку: 1987-жылы – Кыргыз мамлекеттик университетин тарых адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
2020-2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси;
2010-2020-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары;
2010-жылы Убактылуу өкмөт менен Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары;
2009-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары.
2008-2009-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси;
2005-2008-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары;
2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппарат жетекчисинин орун басары;
2000-жылы Жогорку Кеңештин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;
1996-2000-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;
1995-1996-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы;
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы;
1993-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси;
1992-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин жардамчысы;
1991-1992-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономика комитетинин төрагасынын жардамчысы;
1989-1991-жылдары – Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиянын идеология бөлүмүнүн инструктору;
1987-1989- жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу;
1979-1981-жылдары – Советтик армияда кызмат өтөгөн;
1979-жылы – №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы;
1977-жылы – Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу.
Коомдук “Манас” академиясынын академиги;
Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Ой санат”, “Жол санат”, “Нарк куржун”, “Нарк куржун 2”, “Кыргыз наркы” китептеринин автору;
Ардактуу наамы – Кыргыз республикасынын “Даңк “ медалынын ээси. СССРдин "Ардак белгиси" ордени, Казакстан республикасынын II даражадагы “Достык” ордени, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын “Кызматташтык” ордендери менен сыйланган.
Кыргыз республикасынын мамилекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмери.
2007-жылы – "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" төш белгисин алган.
Класстык чини – Кыргыз Республикасынын биринчи даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.
Айбалаев Алмаз Маматович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1975-жылдын 29-мартында Ош облусунун Фрунзе районундагы Айдаркен шаарында туулган.
1992–1995-жылдары Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда (МГИМО), Москва шаары, Россия Федерациясы, «Эл аралык экономикалык мамилелер» адистиги боюнча билим алган.
1998-жылы City St George’s, University of London, Лондон шаары, Улуу Британия, «Банк иши жана эл аралык финансы» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.
2021-жылы – «Керемет Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы.
2016–2019-жылдары – «Кыргызкоммерцбанк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасы.
2015–2016-жылдары – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын мүчөсү.
2007–2014-жылдары – «РСК Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары.
2006–2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси.
2000–2005-жылдары – Philip Morris Management Services B.V. компаниясынын Кыргыз Республикасындагы жетекчиси.
Мамлекеттик башкаруу, эл аралык экономикалык мамилелер, банк сектору жана өнүктүрүү институттары жаатында 25 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сыйлыгынын лауреаты («Экономика жана бизнес» номинациясы);
Шанхай кызматташтык уюмунун сыйлыгы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын Ардак грамотасы;
Кыргызстан банктар союзунун Ардак грамотасы;
«РСК Банк» ААКсынын сыйлыктары жана ардактоолору.
Класстык чини:
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.
Оторбаев Тимур Абдыкеримович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1979-жылдын 7-июнунда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган.
2000-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин “Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо” адистигин, 2023-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Кыргыз тоо-металлургия институтунун «Металлургия» факультетин аяктаган. Квалификациясы: магистр
Эмгек жолу:
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2026-жылдан бүгүнкү күнгө чейин – “Чаарат Заав” ЖАКынын директорлор кеңешинин мүчөсү;
2025–2026-жылдары – “Авелум Партнер” ЖЧКсында мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча консультант;
2024–2025-жылдары – “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси;
2021–2024-жылдары – “Альянс Алтын” ЖЧКсынын Талас алтын кен комбинатынын башкы механигинин орун басары;
2020-жылы – “Альянс Алтын” ЖЧКсында оңдоо иштерин пландаштыруу боюнча инженер-механик;
2018 - 2019-жылдары ЖЧК «Альфа Ойл» Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо кызматынын жетекчиси; Эксплуатация боюнча инженер; Башкы механик;
2012 -2017-жылдары – Ultimate Armour Works LLC (БАЭ) Топ жетекчиси (Team Leader);
2011 - 2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Экономикалык стратегия жана инвестициялык саясат боюнча комитеттин бөлүм эксперти;
2007 —2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттиги Административдик-чарбалык бөлүмдүн башкы адиси;
2005 —2007-жылдары – ЖЧК «Сирио Транс» Транспорт логистикасы боюнча менеджер;
2004 —2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын УКМКсынын чек ара аскерлерин катарында кызмат өтөгөн;
2001 - 2003-жылдан чейин Кыргыз Республикасынын ИИМ катарында кызмат өтөгөн.
Сыйлыктары:
Талас облусунун Ардак грамотасы
Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси
Темирбаева Миргул Омурзаковна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1979-жылы 13-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган.
2001-жылы Бишкек мамлекеттик университетинин филология факультетин «түркология», кошумча референт-котормочу адистигин, 2004-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын жана 2023-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2023-2025-жылдары – Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин мүчөсү.
2023-2024-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аял депутаттар форумунун төрайымы.
2021-2025-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты;
2015–2021-жылдары – «Сырма Текстиль-Бишкек» ЖЧКсынын директору;
2011–2012-жылдары – «Уста» ЖЧКсында башкы бухгалтер, директордун орун басары;
2008–2011-жылдары – Москва шаарындагы «Стройтехника» ЖЧКсында бухгалтери;
2007–2008-жылдары – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде ага окутуучу жана окумуштуу катчы;
2004–2007-жылдары – Бишкек шаарындагы жеке ишканада котормочу.
Сыйлыктары:
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы (2023-ж)
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын "КМШ ПАсына 30 жыл" эстелик белгиси (2023-ж.)
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы (2023-ж.)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2023-ж.)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы (2024-ж.)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «кыргыз милициясына 100 жыл» юбилейлик медалы (2024-ж.)
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Ардак грамотасы (2024-ж.)
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» медалы (2025-ж.)
Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын 30 жылдыгына карата төш белги (2025-ж.)
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын «Акыйкат» медалы (2025-ж.)