Шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга кана таандык экендигин белгилеген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 2012-жылдын 6-июлундагы № 99 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 2012-жылдын
3-августундагы № 149 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 10-пункттарын, 18-беренесинин 12-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун атайын эсебин ачуу үчүн банкалык мекемелерди аныктоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын
25-январындагы № 15 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- тексттин бардыгы боюнча “шайлоочулардын топтору” деген сөздөр ар түрдүү жөндөмөдө жана формада алып салынсын;
- “2012-жылдын 4-мартына дайындалган” деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы
№ 19 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы контролдук-текшерүү тобу жөнүндө” Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- тексттин бардыгы боюнча “шайлоочулардын топтору” деген сөздөр ар түрдүү жөндөмөдө жана формада алып салынсын;
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 25-январындагы
№ 14 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүүнүн, акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө” Нускамага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- тексттин бардыгы боюнча “шайлоочулардын топтору” деген сөздөр ар түрдүү жөндөмөдө жана формада алып салынсын;
- 9-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«9.1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Нускамада белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фондуларын түзүшөт.
Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фондулары төмөндөгү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин жеке каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаш керек;
2) саясий партиянын жеке каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаш керек;
3) жеке адамдардын кайрымдуулуктары, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаш керек;
4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктары, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашпаш керек.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашпаш керек.
9.2. Бишкек жана Ош шаарларынан башка шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фондулары төмөндөгү акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин жеке каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпаш керек;
2) саясий партиянын жеке каражаты, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаш керек;
3) жеке адамдардын кайрымдуулуктары, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаш керек;
4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктары, анын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашпаш керек.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашпаш керек.
- 10-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
10. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Нускамада белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фондуларын түзүүгө укуктуу.
Шайлоо фондулары төмөнкү акчалай каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкердин жеке каражаттары, ал эсепетик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпаш керек;
2) саясий партия бөлүп берген каражаттар, ал эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашпаш керек;
3) жеке адамдардын кайрымдуулуктары, ал эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпаш керек;
4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктары, ал эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашпаш керек.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашпаш керек.
- 31-пункттун экинчи пунктчасындагы “райондук” деген сөз алып салынсын;
- 31-пункттун үчүнчү пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 32-пункттун экинчи абзацындагы “талапкерлерге” деген сөз алып салынсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтом аймактык шайлоо комиссияларынын көңүлүнө жеткирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш.,24- октябрь 2012-жыл
№ 125