“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 6-майы
№ 95
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 6-майындагы № 95
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы |
Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы |
|
Ош шаары |
||
|
1 |
Ош шаары |
2016-жылдын 25-майына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Ысык-Көл облусу |
||
|
2 |
Балыкчы шаары |
2016-жылдын 25- майына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Чүй облусу |
||
|
3 |
Токмок шаары |
2016-жылдын 25-майына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Жалал-Абад облусу |
||
|
4 |
Майлуу-Суу шаары |
2016-жылдын 25-майына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Ош облусу Өзгөн району |
||
|
5 |
Кызыл-Октябрь |
2016-жылдын 25-майына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |
|
Нарын облусу Нарын району |
||
|
кайра шайлоо |
||
|
6 |
Орток |
2016-жылдын 20-майына, саат 9-00дөн 12-00гө чейин |