“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 5-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесинин формасын бекитүү жөнүндө”
№ 104 токтомунун добуш берүүнү өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин формасына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин (2-тиркеме):
-“бул” деген сөз “төмөндөгү” деген сөз менен алмаштырылсын;
“Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөгө чейин шайлоочулардын тизмесинин ар бир барагына төмөнкү суммардык маалыматтарды жазууга милдеттүү.” деген сүйлөмдөн кийин “а-, б-, в-, г-“ тамгалардан кийинки чакмактар алып салынсын.
2. Добуш берүүнү өткөрүү үчүн шайлоочулардын тизмесинин формасы жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдүн редакциясында бекитилсин (тиркелет).
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурбаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 24-октябры
№ 126