09.06.2021 № 380 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 229 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Тоң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Байзаков Эркинбек Кубатбекович катталган. Талапкер Тоң айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Тоң айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, Э. К. Байзаков -  10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Байзаков  Эркинбек Кубатбекович Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Монолдоров Саматбек Шаршенбекович, Молдошбеков Адилет Молдошбекович катталган. Талапкерлер Күн-Чыгыш айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Күн-Чыгыш айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, С. Ш. Монолдоров - 20 добуш, А. М. Молдошбеков – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Монолдоров Саматбек Шаршенбекович Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 5-июнундагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 5-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын  5-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Байзаков  Эркинбек Кубатбекович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Монолдоров Саматбек Шаршенбекович Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

         

ТӨРАГА           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-июну

№ 380