Аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө У.С. Шерматовдун, А.К. Тойчиевдин, А.Н Пернеевдин, Ю.Х. Юлдашевдин, Т.А. Жолдошовдун, Е.П. Байсеркееванын, С. Асакеевдин, Ч.Т. Минбаевдин, К.Т. Талканбаевдин арыздарынын, М.Б. Кумакееваны аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Улуттар биримдиги элдик партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шерматов Убайдилла Сатыбалдиевич; “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тойчиев Абдибаит Караевич; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөндөр Пернеев Акимжан Нуруллаевич, Юлдашев Юнус Халкозиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аттокуров Калмурат Джапарович; “Өнугүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Капаров Аллаберген Мантыбаевич; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөндөр Садиков Абдукарим Жапарович, Абдиллаев Тахиржон Гапуржанович киргизилсин.
2. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жолдошев Таалайбек Аскербекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Арыкбаев Кудайберди Пайзилдаевич киргизилсин.
3. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Байсеркеева Елена Петровна, “Ата-Журт” мекенчил партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асакеев Сатыбалды чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдраева Керезбүбү Кудашовна; “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Султанов Амантур киргизилсин.
4. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Ата-Мекен” саясий социалистик партиясынан көрсөтүлгөн Минбаев Чынгыз Темирбекович чыгарылсын;
- комиссиянын резервинен “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Талканбаев Кооман Турсалиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыкалыкова Магнолия Шукуровна киргизилсин.
5. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Замандаш-Современник” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кумакеева Медина Багышбековна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акунбаева Гулнара Токтахуновна киргизилсин.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу
№ 114
2015-жылдын 11-августунда жарыяланды