29.04.2021 №159 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Актурпак, Алга, Кыргыз-Кыштак, Масалиев, Орозбеков, Совет, Үч-Коргон, Халмион жана Чаувай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймак

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Актурпак, Алга, Кыргыз-Кыштак, Масалиев, Орозбеков, Совет, Үч-Коргон, Халмион жана Чаувай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы  менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Актурпак, Алга, Кыргыз-Кыштак, Масалиев, Орозбеков, Совет, Үч-Коргон, Халмион жана Чаувай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1,  62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын  2021-жылдын 21-апрелиндеги

- Актурпак айылдык кеңешинин

- Алга айылдык кеңешинин

- Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин

- Масалиев айылдык кеңешинин

- Орозбеков айылдык кенешинин

- Совет айылдык кеңешинин

- Үч-Коргон айылдык кеңешинин

- Халмион айылдык кеңешинин

- Чаувай айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели

№ 159