26.04.2021 №139 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Баткен шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Баткен шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 10 шайлоо участок түзүлгөн. Баткен шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 9 саясий партия катталды, 4 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ала-Тоо – кыргыз жери» - 28,52% (12 мандат); «Ынтымак» - 24,04% (10 мандат); «Эмгек партиясы» - 15,92% (6 мандат); «Жаңы-Доор» - 7,71% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 15641 түзүп, анын ичинен 5070 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 32,41% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык 22 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 18-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган. Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен шаардык кеңешине жиберилсин.
4.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 26-апрели,
№ 139