Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 7,8-бөлүктөрү бузулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Т.А.Элебесовду Кара-Балта мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө” Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын
2012-жылдын 13-январындагы № 2 чечими жокко чыгарылсын.
2. “М.Сагынбаевди Кара-Балта мэринин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө” Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын
2012-жылдын 13-январындагы № 3 чечими жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 18-январы
№ 13