Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 3-мартындагы № 19 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-мартындагы № 30 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын 2015-жылдын 17-апрелинде өткөрүлгөн шайлоо боюнча Ысык-Көл, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 20-мартында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Асеинов Кубатбек Рымович табылсын.
2. 2015-жылдын 17-апрелинде өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Омурканов Рамис Токтотемирович табылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 30-апрели
№ 44
2015-жылдын 30-апрелинде жарыяланды