№84 Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, “Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №163 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасы бекитилсин (1, 2 тиркемелер).
2. Шайлоо бюллетендерин, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилген бюллетендердин тексттерине ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн формасын жана сактоо даражасын колдонуу менен Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24, дареги боюнча жайгашкан “Учкун” ААКсында даярдоо ишке ашырылсын.
3. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемелерсиз).
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2018-жылдын 24-апрели,
№ 84