01.05.2021 №188 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Базар-Коргон шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 түзөт. Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 16 шайлоо участок түзүлгөн. Базар-Коргон шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 5 саясий партия катталды, баары төмөнкү 5 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ата-Журт Кыргызстан» - 42,55% (14 мандат); «Замандаш» - 26,39% (8 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 10,85% (3 мандат); «Ишеним» - 9,61% (3 мандат); «Улуттар Биримдиги» - 8,65% (3 мандат). Шайлоочулардын саны 29319 түзүп, анын ичинен 11120 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 37,72% түзөт.
Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 16 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына жана Базар-Коргон шаардык кеңешине жиберилсин.
4.Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 1-майы,
№ 188