Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн Чүй областтык сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын 2011-жылдын 19-сентябрындагы М.К.Касымалиевди Чүй областынын Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөт башчысынын ордуна коюу жөнүндө чечиминин негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы №236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графигине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Чүй областынын Чүй районунун Онбир - Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда эмгектик талаш тартышты кароонун аякташына чейин токтотулуп турсун.
2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Ушул токтом Чүй областынын Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын көңүлүнө жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 20-сентябры
№ 275