№515 2017-жылдын 3-октябрында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 445 токтому менен 2017-жылдын 3-октябрына дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Нурмаматов Кубанычбек Досболович табылсын.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 13-октябры,
№ 515
№ 515