Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы, 2010-жылдын 4-сентябрындагы №№213, 214, 195 токтомдору менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Мекен Ынтымагы”, “Айкөл Эл”, “Биримдик”Азаттык. Калыстык. Мекен” саясий партиясы” көрсөткөн талапкерлердин тизмеси катталган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан катталган Сайырова Светлана Муканбетовнадан, “Айкөл Эл” саясий партиясынан катталган Бегимкулова Тамара Иманкуловнадан, “Биримдик”Азаттык. Калыстык. Мекен” саясий партиясынан Ахматов Чингиз Аширбековичтен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодон андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө жана аларды талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө арыз келип түшкөн.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясына “Айкөл Эл” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен талапкерлер Алимбекова Айнура Зулумовнаны, Маматов Бахадир Лутфуллаевичти, Суучулова Минакан Исакеевнаны, Бокоев Канатбек Абдраевичти чыгарып салуу жөнүндө 2010-жылдын 30-сентябрындагы №4 токтому келип түшкөн.
Катталган талапкерлердин жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу, “Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылсын:
«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан:
- Сайырова Светлана Муканбетовна;
«Айкөл Эл» саясий партиясынан:
- Бегимкулова Тамара Иманкуловна;
- Алимбекова Айнура Зулумовна;
- Маматов Бахадир Лутфуллаевич;
- Суучулова Минакан Исакеевна;
- Бокоев Канатбек Абдраевич.
“Биримдик”Азаттык. Калыстык. Мекен” саясий партиясынан:
- Ахматов Чингиз Аширбекович.
2. Катталган талапкерлердин күбөлүктөрү анык эмес деп табылсын:
- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 94;
- «Айкөл Эл» саясий партиясынан 2010-жылдын 7-сентябрындагы №№ 116, 112, 32, 82, 106.
- “Биримдик” Азаттык. Калыстык. Мекен” саясий партиясынан 2010-жылдын 4-сентябрындагы №70;
3. Бул токтом «Мекен Ынтымагы», “Биримдик”Азаттык. Калыстык. Мекен”, “Айкөл Эл” саясий партияларына маалымдалсын.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 2- октябры
№ 294