15.06.2021 № 443 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы№ 209 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

ЧүйоблусунунСокулук районунунШопоков шаарынынмэрининкызматордуна2талапкер – Бекболотов Адылбек Токойбекович«Бүткүл Жаштарсаясий партиясы» саясий фракциясынан жана СатыбалдиевБектурБаякеевич«Ордо» саясий фракциясынан сунушталышып катталышкан.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүнжыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен     Шопоков шаардык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып,      А.Т. Бекболотовго - 12 добуш, Б.Б. Сатыбалдиевге - 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы»позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Бекболотов Адылбек Токойбекович Шопоков шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэрин  шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына   арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэрин шайлоододобуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо     жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине,  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,

КыргызРеспубликасынынШайлоожана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 7-июнундаөткөрүлгөнЧүйоблусунунСокулук районунШопоков шаарынынмэриншайлоодогудобушберүүнүнжыйынтыгыжанашайлоонуннатыйжасытууралууСокулук аймактыкшайлоокомиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагыпротоколдорубекитилсин.

1.1. ЧүйоблусунунСокулук районунунШопоков шаарынынмэриншайлооөттүдептабылсын.

1.2. Бекболотов Адылбек ТокойбековичЧүйоблусунунСокулук районунунШопоков шаарынынмэриболупшайландыдептабылсын.

2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланганШопоков шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.     

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 443