15.06.2021 № 461 2021-жылы 8 жана 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун  Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 8 жана 9-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун  Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 8 жана 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         20-майындагы № 224 токтому менен дайындалган Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Бактыбаев Дыйканбай Мисиратилаевич, Барамбеков Нурбек Рахматилаевич, Нышанбаев Болотбек Нуруллаевич, Турдукулов Момунбай Шералиевич катталган. Талапкерлер Жекенди айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Жекенди айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Д.М. Бактыбаев – 0 добуш,              Н.Р. Барамбеков – 0 добуш, Б.Н. Нышанбаев – 11 добуш, М.Ш. Турдукулов – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Нышанбаев Болотбек Нуруллаевич Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдылдаев Аманилла Кудуратиллаевич, Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович катталган. Талапкерлер Чоң-Алай айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Чоң-Алай айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А.А. Абдылдаев - 9 добуш,                  О. К. Мамажакыпов – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

         Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Бакиров Салайдин Жаныбаевич Нажиев Тыныбек  Абдилазизович Рахманов Айтмамат Жаркынбаевич катталган. Талапкерлер Кашка-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен               Кашка-Суу айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, С.Ж Бакиров 6 добуш, Т.А. Нажиев – 0 добуш, А.Ж. Рахманов – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добуш берилгендиги белгиленген.

 Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен  Рахманов Айтмамат Жаркынбаевич Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8 жана 9-июнундагы Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,                        18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн     Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8 жана 9-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Нышанбаев Болотбек Нуруллаевич Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3.  Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидинович Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Рахманов Айтмамат Жаркынбаевич Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жекенди,                Чоң-Алай жана Кашка-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.      Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.     Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА  

                                                                                                                

Бишкек ш., 2021-жылдын 15-июну

№ 461