06.04.2021 №105 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын...
2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 ПЖ Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 197 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, Улуттук демократиялык институттун Өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучусу, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин миссиясы, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын, «32 тобу» Автономдук коммерциялык эмес уюм Мониторинг жана Эксперттик Борборунун, "Эл аралык илгерилетүү борбору" Улуттук демилгелерди эл аралык илгерилетүүгө көмөктөшүү фондунун, Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары 1-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
2. Шанхай Кызматташтык Уюмунун миссиясы, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын тобу, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын тобу 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумда эл аралык байкоочулар катары 2-тиркемеге ылайык аккредитациялансын.
3. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 6 апрель 2021-ж.
№ 105