04.01.2021 №3 Ноокен, Майлуу-Суу жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Ноокен, Майлуу-Суу жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ташиева Айгерим Дуйшеновна, Саримсаков Пулатбек Марипжанович, Ирисалиева Жазгуль Таирбековна, Шатманов Аскарбек Өзүбекович, Дуйшеев Тагайбек Ганыевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Орозалиева Рахат Кочкоровна, Рахматова Нургул Мамановна, Масирова Шарипахан Ногойкуловна, Мадылова Ханикей Чуроковна, Алкадыров Нурбек Азимович, Муратов Аширали Эркинбекович, Мейманкулова Зыйнат Аскаровна, Козуев Бакыт Садыкович, Эгембердиев Кахраманжан Мамажанович, Досбаева Эльмира Мамасалиевна, Курбаналиева Саадаткан Адылбековна, Темирова Нургүл Байышбековна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акматалиева Зууракан Карабаевна, Насибжан кызы Жылдыз, Бекеева Айгүл Жокошевна, Бекжанов Даирбек, Жуманова Айнагуль Маразыковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Базарбаев Максатбек Калмуратович, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тилебаева Наргиза Давлетбековна,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омурзаков Турусбек Жанибекович, Уметалиев Токтонур Шабданович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Сайдахмат Аскарович, Салиев Тимур Абдупаттаевич, Суранов Эрнис Топчубекович, Бектенов Алтынбек Эркинбекович, Жанибекова Нураида Турусбековна, Аттакурова Асель Советбековна, Эгемназарова Гулшат Жусубалиевна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шерматов Турсунали Ташболотович, Салыбеков Авазган Назаралиевич, Дарманов Кудайберди Мамытович, Абдубаитов Бексултан Даирбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Баткен облусунун Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Садиров Нурланбек Абдырахманович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Гапаров Марат Мамазаитович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 4-январы

№ 3