№206 Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү С.А. Мамышованын, Н.К. Термечиковдун комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамышова Самара Алмасбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Термечиков Нурбек Калмурзаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Осмоналиева Нурила Мамытбековна, Джумагулов Токтогул Кадырдинович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Коңурбаевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын  13-ноябрь 
№ 206