29.04.2021 №166 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21 түзөт. Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Көк-Жаңгак шаардык кенешинин депутаттарын шайлоого катышуу учун 3 саясий партия катталды, баары төмөнкү 3 саясий партия шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан ашык пайыз алышкан: «Ата-Журт Кыргызстан» - 45,64% (10 мандат); «Өнүгүү-Прогресс» - 26,72% (6 мандат); «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» - 26,21% (5 мандат). Шайлоочулардын саны 5895 түзүп, анын ичинен 1755 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 29,77% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык 6 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколдорунун негизинде Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40, 51, 56-1-беренелеринин негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жана Көк-Жаңгак шаардык кеңешине жиберилсин.
4. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 29-апрели,
№ 166