7.06.2021 -ж. № 365 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суурайонунун Шарк жанаКашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суурайонунун Шарк жанаКашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын19-майындагы № 226токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суурайонунун Шарк жанаКашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Тезекбаев Таалайбек Жолчуевич, Тургунов Адил Марифович, Батыров Улан Асилбекович жана Садыров Сардор Махамасадыкович катталган. ТалапкерлерШарк айылдык кеңештин депутаттарынансунушталган.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын4-июнундагыпротоколу менен Шарк айылдык кеңешиндеги 31 депутатыкатышып,Т. Ж. Тезекбаев -  22 добуш, А.М. Тургунов– 1 добуш,  У.А. Батыров– 8 добуш, С.М. Садыров – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагыпротоколу мененТезекбаев Таалайбек Жолчуевич Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Батиров Абдикамилжан Батирович, Жалолидинов Рашид Сайпидинович жана Маматов Руслан Номанжонович катталган. Талапкерлер Кашкар-Кыштак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу менен Кашкар-Кыштак айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 30 депутаты катышып,А. Б. Батиров – 7 добуш, Р. С. Жалолидинов– 4 добуш,  Р. Н.Маматов– 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

 

 

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк жана Кашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 4-июнундагыКара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Шарк жана Кашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 4-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк жана Кашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын4-июнундагыпротоколдорубекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк жана Кашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Тезекбаев Таалайбек ЖолчуевичОш облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3.Маматов Руслан Номанжонович Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Шарк жана Кашкар-Кыштакайыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А. Конурбаевга жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                              

Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июну

№365