17.06.2021 № 477 2021-жылы 8, 9 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекит

2021-жылы 8, 9 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун

Токтогул районунун Толук, Бел-Алды жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн

жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу

протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 8, 9 жана 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 268 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун      Токтогул районунун Толук, Бел-Алды жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Толук айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Ажыбаев   Толукбек Бектурсунович, Дуйшеев Зайырбек Сыязбекович катталган. Талапкерлер Толук айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Толук айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Т. Ажыбаевге – 0 добуш, З. Дуйшеевге – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Дуйшеев Зайырбек Сыязбекович Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Багымбаев Болот Тияншанович катталган. Талапкерлер Бел-Алды айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Бел-Алды айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Б. Багымбаевге – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Багымбаев Болот Тияншанович Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Омурканов Рамис Токтотемирович катталган. Талапкерлер Сары-Камыш айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сары-Камыш айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Р. Омуркановго – 11 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Омурканов Рамис Токтотемирович Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды  жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8, 9 жана 10-июнундагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Толук, Бел-Алды жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,                 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 2021-жылы 8-июнунда өткөрүлгөн Толук айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 9-июнунда өткөрүлгөн               Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жана 2021-жылы 10-июнунда Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8, 9 жана 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Дуйшеев Зайырбек Сыязбекович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Багымбаев Болот Тияншанович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Омурканов Рамис Токтотемирович Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Толук, Бел-Алды жана Сары-Камыш айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                                          

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 477