2014-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 49 токтому менен дайындалган Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, 2014-жылдын 14-апрелинде Ысык-Ата районунун Узун-Кыр, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево, Кара-Ой айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
Кемин, Ысык-Ата, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 9-апрелиндеги Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Молдобаев Абдырашид Сатыевич Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
2. 2014-жылдын 14-апрелиндеги Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Айдарбеков Акай Мухамедович Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
3. 2014-жылдын 14-апрелиндеги Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1. Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2. Супаев Эмиль Бейшеналыевич Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4. 2014-жылдын 14-апрелиндеги Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.1. Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.2. Тюлегенов Каныбек Турсуналиевич Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 30-апрели
№ 67