20.11.2020 №370 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө

2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында,  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерине,  «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомуна ылайык, «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууну камсыз кылуу жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы №13-025/11769 жана  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы №814 сунуштарынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жумшалуучу бюджеттик каражаттарды акыл-эстүүлүк менен пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүүнү уюштуруу үчүн 1-тиркемеге ылайык 45 (кырк беш) шайлоо участогу түзүлсүн.

2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларын 2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого бекитсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Эшимовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА


Бишкек ш., 2020-жылдын 20-ноябры
№ 370