25.05.2021 №284 Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 21-майында Нарын облусунун жаңы шайланган Нарын шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 11-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.                                     

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                            

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М. Коңурбаевга жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-майы

№ 284