№550 Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү:М.С. Амираевдин, Б.М. Борукулованын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, комиссиянын мүчөсү С. Каракожоевдин өлгөндүгүнө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Каракожоев Суфибек, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Амираев Максатбек Сайфидинович, Борукулова Белла Мусаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кадыров Канат Табалакович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахимова Райхана Исмаиловна, Таев Алмазбек Эрмакович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 15-декабрь
№ 550