18.11.2020 №343 2020-жылы 4-ноябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 15-октябрындагы № 253 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Айдаралиев Нургазы Сартбаевич катталган, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. 

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 14-ноябрындагы протоколу менен Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 17 депутаты катышып, Н. С. Айдаралиев 11 добуш алгандыгы белгиленген, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 6 добуш.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 14-ноябрындагы протоколу менен Айдаралиев Нургазы Сартбаевич Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 4-ноябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 14-ноябрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Айдаралиев Нургазы Сартбаевич Талас облусунун Бакай-Ата  районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-ноябры

№ 343