29.04.2021 №170 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак, Сары-Булак, Түп, Талды-Суу, Чоң-Таш, Санташ, Карасаев, Арал, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Михайловка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо наты
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак, Сары-Булак, Түп, Талды-Суу, Чоң-Таш, Санташ, Карасаев, Арал, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Михайловка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак, Сары-Булак, Түп, Талды-Суу, Чоң-Таш, Санташ, Карасаев, Арал, Тогуз-Булак, Ысык-Көл, Михайловка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги
- Кудургу айылдык кеңешинин
- Ак-Булуң айылдык кеңешинин
- Ак-Булак айылдык кеңешинин
- Сары-Булак айылдык кеңешинин
- Түп айылдык кеңешинин
- Талды-Суу айылдык кеңешинин
- Чоң-Таш айылдык кеңешинин
- Санташ айылдык кеңешинин
- Арал айылдык кеңешинин
- Тогуз-Булак айылдык кеңешинин
- Ысык-Көл айылдык кеңешинин
- Михайловка айылдык кеңешинин
- Карасаев айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Түп аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели
№ 170