№41 Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 1-мартындагы № 128 буйругу менен Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Шамыралиев Жыргалбек Джумадилович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018 жылдын 1 мартындагы № 413 буйругу менен  Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө”, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 17-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Токмок, Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 3 - марты 
№ 41