“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,20-,24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,11- пунктчаларын, 73-беренесинин
1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 116 санындагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).
2. «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны “Эркин Тоо” газетасынын жакынкы номерине жарыялансын.
3. «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010- жылдын 9 -сентябры
№232