№507 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Омурбек Токтогулович Бабановдун өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Омурбек Токтогулович Бабановдон өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Омурбек Токтогулович Бабановдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясындагы өкүлү болуп Конутаев Алмаз Болушевич катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Омурбек Токтогулович Бабановдун өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 10-октябры
№507