17.06.2021 № 502 2021-жылы 9, 10-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 9, 10-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Москва районунун Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9, 10 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         21-майындагы № 277 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.  

Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Маматов Эвертбек Эмилбекович катталган. Талапкер Э.Э. Маматов Төлөк айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Төлөк айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Э.Э. Маматовго – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Маматов Эвертбек Эмилбекович Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сретенка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Кожонов Данияр Сабирович и Саралаев Узак Солтоевич катталышган. Талапкерлер Д.С. Кожонов жана У.С. Саралаев Сретенка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сретенка айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Д.С. Кожоновго – 7 добуш, У.С. Саралаевге – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Москва аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кожонов Данияр Сабирович Сретенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

 

Чүй облусунун Москва районунун Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.  

2021-жылдын 9, 10-июнундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,    

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чүй облусунун Москва районунун 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Төлөк айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Сретенка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.   

1.1. Чуй облусунун Москва Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.   

1.2. Маматов Эвертбек Эмилбекович Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Кожонов Данияр Сабирович Чүй облусунун Москва районунун Сретенка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Төлөк жана Сретенка айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.    

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА        

                                                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№   502