Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан, Чүй облусунун Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынан, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 112 токтому менен бекитилген Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык аймагынын №5111, Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык аймагынын №№ 7224, 7225, Ат-Башы айылдык аймагынын № 7257, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагынын №№ 3031, 3052, Бишкек шаарынын №№ 1307, 1314, 1340 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жазууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кайрылууларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5 пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 112 токтому менен бекитилген тиркемеге төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык аймагынын
№ 5111 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда
№ 5111 шайлоо участкасынын номери № 5441 деп өзгөртүлсүн;
2) Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык аймагынын № 7224 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда шайлоо участкасынын борбору “СШ им. Д.Шопокова” ордуна “Клуб с.Шалта” деп өзгөртүлсүн.
3) Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык аймагынын № 7225 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда шайлоо участкасынын борбору “СШ им. Н.Жетикашкаевой” ордуна “Клуб с.Жыламыш” деп өзгөртүлсүн.
4) Чүй облусунун Сокулук районунун Ат-Башы айылдык аймагынын № 7257 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда шайлоо участкасынын борбору “Здание бывшего пчельника” ордуна “Здание фельдшерскогоакушерского пункта” деп өзгөртүлсүн.
5) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык аймагынын № 3031 жана № 3052 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жазууда “А.Исаев” деген сөз “Кыдырмаев” деген сөз менен алмаштырылсын;
6) Бишкек шаарынын № 1307 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда шайлоо участкасынын борбору “Реаблитационный центр, ул,Великолуская 29-а” ордуна “Детсад № 152,
ул. Великолуская 29-б” деп өзгөртүлсүн.
7) Бишкек шаарынын № 1314 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда шайлоо участкасынын борбору “Детсад № 12, ул.Панфилова 310” ордуна “СШ №33, ул. Тоголок-Молдо 73” деп өзгөртүлсүн.
8) Бишкек шаарынын № 1340 шайлоо участкасынын схемаларын жана чек араларын жазууда шайлоо участкасынын борбору “Библиотека
№ 15, ул. Салиева 158” ордуна “Детсад № 171, ул. Буденногог 104” деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 24-октябры
№ 123