“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр аккредитациялансын:
- Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдар Ассоциациясынын өкүлү (тиркеме 1);
- Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү (тиркеме 2);
- Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын өкүлү (тиркеме 3).
2. Аккредитацияланган эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
3. Бул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүА.Дж.Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 30-сентябры
№ 164
2015-жылдын 30 сентябрында жарыяланды