№120 2019-жылдын 2-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 17-июлундагы №105 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер катталган – Чинарбеков Медербек Чинарбекович, талапкер жергилүктүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Добуш берүүгө Гавриловка айылдык кеңешиндеги 21депутаттан 19 депутат катышкан. Добуш берүүдө Чинарбеков М.Ч.– 17; бардык талапкерлерге каршы – 2, добуш алышкан.
Шайлоонун натыйжасында Чинарбеков М.Ч. Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 2-августундагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Чинарбеков Медербек Чинарбекович табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Гавриловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары А.Бекматов
Бишкек ш., 2019-жылдын 14 -августу
№120