19.06.2021 № 517 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  26-майындагы №324 токтому менен дайындалган Нарын облусунун   Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.  Көк-Жар  айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер –Акматов Адилет Абаевич, Орозобеков Талантбек Токтобаевич, Орозобекова Майрамкан Токтогуловна катталган. Талапкерлер Көк-Жар айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.                                                               

  Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Көк-Жар  айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, А.А. Акматов - 8 добуш,  Т.Т. Орозобеков – 0 добуш, М.Т. Орозобекова – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.                

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Акматов Адилет Абаевич Көк-Жар  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.                                                                                                       Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.                                          

2021-жылдын 15-июнундагы Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,                                                                                                      

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.                                                                                                  1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.                                                                   

1.2. Акматов Адилет Абаевич Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.                 

2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.           
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                    

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын  19-июну

№ 517