«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6-пунктуна, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, А.К.Султанованын, Л.И.Тугайдын, Г.М.Боярскаянын, К.Р.Мажитовдун С.Байбалаевдин, Т.Сапарбаеванын арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: Султанова Алтынай Кадыралиевна, Тугай Любовь Ивановна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Абдрахманова Эльма Бексултановна, Тойчубекова Роза Табылдиевна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Боярская Галина Михайловна курамдан чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен төмөнкүлөр чыгарылсын: Мажитов Кыялбек Рыскулович – «Замандаш-Современник» саясий партиясынан; Байбалаев Сагынбай, Сапарбаева Тандагүл – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 15-майы
№ 77