21.10.20 №258 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  38, 63-беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-октябрындагы № 249 “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо жекшембиге, 2020-жылдын 20-декабрына дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык кайра шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берсин;

2) кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын саламаттыгын, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук тутумдардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоодо, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыздоодо, шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аны Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде актуалдаштырууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөктөшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыздасын.

6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жетекчилери тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын кайра шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөктөшсүн.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышына контроль жүргүзүүнү өзүмө калтырамын.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                       

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-октябры
№ 258