Ош облусундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 28 чечиминин негизинде шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин :
31 мандаттуу Төлөйкөн айылдык аймагы
Жалпы шайлоочулардын саны – 13 795
№ 1 «Төлөйкөн» шайлоо округу
№ 5243 жана № 5244 шайлоо участкаларынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 3555, мандаттын саны – 8
№ 2 «Учар» шайлоо округу
№ 5245 жана № 5250 шайлоо участкаларынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 3525, мандаттын саны – 8
№ 3 «Кыргызстан» шайлоо округу
№ 5246 шайлоо участкасынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 2005, мандаттын саны – 5
№ 4 «Дыйкан-Кыштак» шайлоо округу
№ 5247, № 5248 жана № 5513 шайлоо участкаларынын чегинде
Шайлоочулардын саны – 4710, мандаттын саны - 10
2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 08-апрели
№ 54