21.05.2021 №281 Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө
Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө
"М. Назаркуловдун арызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы №103 чечими менен жогору турган шайлоо комиссиясынын мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынган чечимин аткарбагандыгы үчүн Талас аймактык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө маселени кароо чечими кабыл алынган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6, 7, 18, 20, 24-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" Жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты үч календарлык күн ичинде Талас аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек, 2021-жылдын 21-майы
№ 281