2015-жылдын 4-октябрына даярдалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана шайлоонун башка катышуучуларынын конституциялык укуктарын камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларында жарандардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө” Жобо бекитилсин
2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда шайлоо комиссияларында, прокуратура органдарында, ички иштер органдарында жана соттордо жарандардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө” Эскертме басып чыгарууга сунуш кылынсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Р.Б.Бекбасаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 6-августу
№ 111
2015-жылдын 6-августунда жарыяланды