Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү боюнча жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо укуктарын турмушка ашыруу максатында, ошондой эле жарандардын аңдап-түшүнүү менен эрк билдирүүсүн жана шайлоонун маалымдуулугун камсыз кылуу үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-, 8-бөлүктөрүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 3, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы жана Интернет-сайттар 2012-жылдын 22-октябрында кол койгон Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумдун» тексти жактырылсын жана бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Интернет-сайттардын ортосундагы «Кызматташтык жөнүндө меморандумга» кол койгон Интернет-сайттарга 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга уруксат берилсин (тизме тиркелет).
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 30-октябры
№ 130
Тиркеме
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн басма аянтты бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө билдирүү-катты жана маалыматтарды берген Кыргыз Республикасынын Интернет-сайттарынын тизмеси
- «AsiaPRESS»;
- «Акиpress»;
- «Кабар»;
- «Vести.kg»;
- «24.kg»;
- «КирТаг»;
- «Knews»;
- «Чалкан.kg»;
- «Баракелде»;
- «Vb.kg»;
- «Super.kg»;
- «Kloop»;
- «Kyrgyztoday.kg».