“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,15-пункттарына,” “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”конституциялык Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы №5 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө” Нускамага төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- № 4 тиркеменин 2-пунктундагы “аталышы жок” деген сөздөрдөн кийинки “облус” деген сөз алып салынсын;
- №6 тиркемедеги 2-пунктундагы “аталышы” деген сөздөн кийинки “облустар” деген сөз алып салынсын.
2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 6-сентябры
№ 237