11.06.2021 г. № 406 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун                Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын                         19-майындагы № 226 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Камбаров Мунарбек Ураимович катталган. Талапкер Кызыл-Суу айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен               Кызыл-Суу айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, М.У. Камбаров - 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Камбаров Мунарбек Ураимович Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Исаев Талантбек Абдыгапарович, Абдибаитов Рысбек Турдалиевич, Байматов Талант Ташполотович катталган. Талапкерлер Жаңы-Арык айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен                  Жаңы-Арык айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Т.А. Исаев – 17 добуш, Р.Т. Абдибаитов – 4 добуш, Т.Т. Байматов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

 Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Исаев Талантбек Абдыгапарович Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Суу  районунун Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 7-июнундагы Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                    49-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу  районунун Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын                          7-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу  районунун Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Камбаров Мунарбек Ураимович Ош облусунун Кара-Суу  районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Исаев Талантбек Абдыгапарович Ош облусунун Кара-Суу  районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кара-Суу  аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кызыл-Суу жана Жаңы-Арык айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                     

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну

№ 406