30.07.2020 ж. № 149 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн КРнын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо

 

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тууралуу шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 117 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоонун тартиби жөнүндө” жобого ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарынын жана 18-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого, шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары 1-тиркемеге ылайык, аккредитациялансын:

- 12 (он эки) жалпыга маалымдоо каражаттары;

- 2 (эки) интернет-басылмасы.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалымат 2-тиркемеге ылайык, жайгаштырылсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                            Н.К.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 30-июлу

№ 149