Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 133 токтому менен 2015-жылдын 25-сентябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 8-пункту бузулуп, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынан 3/2синен кем катышуусунда өткөндүктөн, 2015-жылдын 5-ноябрындагы №180 токтомунун негизинде көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жана натыйжасы жараксыз деп табылып, шайлоо 2015-жылдын 19-ноябрына дайындалган. 2015-жылдын 19-ноябрындагы шайлоосунда бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарынын санын албагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 202-б буйругу менен Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы А.У.Мамасадыков Ош облустук сотунун 2015-жылдын 12-октябрындагы № АО 04-635/15-УД өкүмүнүн негизинде ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 8-декабрындагы № 223-б буйругу менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Т.Умаров өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын (жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен) кайра шайлоо, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоо 2015-жылдын 28-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Токтогул, Кара-Суу жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 16-декабры
№ 196