№19 Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды жана Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 25-февралындагы № 1-5/46-б буйругу менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошов Абдыганы Тагаевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-февралындагы № 32 буйругу менен Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Жайылов Таалайбек Ташиевич, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 26-февралындагы № 104 буйругунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 4-мартындагы № 01пр буйругу менен Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенгулов Замирбек Молутбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды жана Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 23-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кадамжай, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 
 
ТӨРАГА            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 5-марты
№ 19